
Kimetsu no Yaiba- The Movie: Mugen Train
«Жин-шайтандарды кыруучу» аниме-сериалынын толук метраждуу уландысы. Башкы каармандар жарааттарынан айыгып, эс алып жетише электе эле кайрадан жаңы тапшырма алышат. Бул жолу алар «Жалын Хаширасы» Кёдзюро Рэнгокунун жетекчилиги астында поездге түшүшөт. Анткени бул поездде кыска убакыттын ичинде 40тан ашык адам дайынсыз жоголуп, аларды иликтөөгө жөнөтүлгөн бир нече кылыччы да өлтүрүлгөн. Бул поезд кандай сырды жашырып турат? Ал эми жаңы отрядды кандай коркунучтар күтүп турат?