
Naruto
Окуя орто кылымдарды эскерткен, бирок феодалдык түзүлүш менен заманбап технологиялар (моторлуу кайыктар, телевизорлор) айкалышкан өзгөчө дүйнөдө орун алат. Бул дүйнөнү дене техникасы (тайдзюцу), жашыруун техника (ниндзюцу) жана элестейтүү өнөрү (гэндзюцу) сыяктуу үч негизги илимди өздөштүргөн синобилер (ниндзялар) башкарат. Мамлекеттердин күчү куралдуу легиондор менен эмес, башчылары «Кагэ» (көлөкө) титулун көтөргөн Жашыруун ниндзя айылдарынын кудурети менен аныкталат. Окуя Жашыруун Жалбырак айылына байыркы желмогуз — Тогуз куйруктуу түлкү (Кьюби) кол салгандан башталат. Айылдын башчысы өз өмүрүн курмандыкка чалып, желмогузду жаңы төрөлгөн Наруто аттуу ымыркайдын денесине камап, аны жеңип чыгат. Наруто жетим жана айылдын четтетилген тургуну болуп чоңойсо да, айланасында ага ишенген адамдар болгондуктан, каарданган жок. Чындыкты билген соң, ал айылдын жаңы башчысы — Хокагэ болууну максат кылат. Алдыда күчтүү атаандаштар, акылдуу стратегиялык согушкерлер жана алгылыктуу сырды издеген караңгы күчтөр турса да, Наруто баардык тоскоолдуктарды жеңип өтүүгө бел байлайт, анткени «анын ниндзялык жолу ушул!»