
Dandadan
Момо Аясэ сыртынан караганда кадимки эле жогорку класстын окуучуларынан эч айырмаланбайт. Анын курбулары, артынан чуркаган жигиттери жана жүрөгүнөн өзгөчө орун алган сүйүктүү актёру бар. Ал актёрдун ордун эч ким баса албайт. Момону бир аз өзгөчө деп эсептөөгө анын арбактардын бар экенине чын жүрөктөн ишенгени гана себеп болушу мүмкүн. Бирок чоң энеси медиум болсо, кантип ишенбей койсун? Бир күнү Момо эч ойлонбостон параллелдүү класста окуган бир жигитти классташтарынын кордоосунан коргоп калат. Бирок ал жигит Момо НЛОго ишенгендиктен экөөнү тагдыр жолуктурду деп жаңылыш ойлойт. Бирок андай эмес! Анткени Момо келгиндердин бар экенин таптакыр четке кагат. Ал эми жигит арбактар жөнүндө уккусу да келбейт. Экстрасенстин небереси менен уфологиянын күйөрманы бала бири-бирин кичинесинен бери ишенип келген дүйнөсүнүн чындыгын кабыл алууга мажбурлоону чечкен учурдан тартып бул кызыктуу окуя башталат. Дагы бир кызыгы, эмне үчүн ал жигиттин аты Кэн Такакура? Момонун жүрөгүнөн өзгөчө орун алган сүйүктүү актёрунун аты да дал ушундай эмеспи?!
Дубляж: Kyrgyz fandub

2020