
Solo leveling
Мындан он жыл мурун дүйнөнүн ар кайсы бурчунда желмогуздар жашаган жер алдындагы зындандарга алып баруучу сырдуу «дарбазалар» ачыла баштаган. Ал желмогуздарга каршы туруу атүгүл аскерлердин да колунан келген эмес. Бирок зындандын башчысын өз убагында жеңип алса, дарбаза кайра жабылып, карапайым адамдарга эч кандай коркунуч жаралбайт. Мындай башчылар менен күрөшүүгө өзгөчө күчкө ээ болгон, желмогуздарга каршы салгылаша алган тандалган адамдар гана жөндөмдүү. Аларды «аңчылар» деп атап коюшкан. Бирок аңчылардын ар биринин жөндөмү ар башка. Алардын күчү да, мүмкүнчүлүктөрү да бири-биринен кескин айырмаланат. Мисалы, Сон Жин У аттуу аңчы болгону Е даражасына ээ. Ал кадимки адамдан күчтүүрөөк болгону менен, эң алсыз аңчыдан да бир нече эсе алсыз эле. Ал тургай, эң майда желмогузду да жалгыз жеңе албайт. Ошондуктан зындандарга дайыма чоң топ менен барууга аргасыз. Топтогу башка аңчылар майда желмогуздардын баарын кырып салышкандыктан, Сон Жин Унун күчүн арттырууга мүмкүнчүлүк жок. Акчасы жок болгондуктан, жабдууларын да жакшырта албайт. Кыскасы, ал эч качан үзүлбөгөн туңгуюк айлампага кабылган. Ошого карабастан, апасынын ооруканадагы дарылануусуна акча табуу үчүн аңчылык кылууну уланта берет. Анткени анын апасы комада жаткан эле. Баары Сон Жин У кезектеги төмөн даражадагы зынданга командасы менен барганда өзгөрдү. Алар тазалап бүтүп калган зындандын ичинен дагы бир сырдуу зынданды таап алышты. Тобокелге барууну чечкен алар анын ичине киришти. Бирок бул чечим Сон Жин Унун өлүмүнө аз калганын билдирген. Ал ооруканада эсине келгенде, тирүү калганын жана денеси дээрлик эч кандай жаракат албаганын байкады. Ошол учурда анын көз алдында күтүлбөгөн жерден оюндардагы интерфейске окшош сырдуу терезе пайда болду. Оюн башталды! Эми дүйнөдөгү эң алсыз аңчыга өз деңгээлин жалгыз көтөрүү мүмкүнчүлүгү берилди!